Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Кубанычка бөлөнүп баарыбыз
Күлкү менен улансын шаңыбыз
Жылмайып күн нур чачып ааламга жаркырап
Жарык болсун ар таңыбыз

Өмүр деген кооз жорго аргымак
Өмүр куштай өйдөгө талпынат
Ак шумкардай зымырап зымырап
Алга канат ал каккылап

Кайырма:

Күлүп жаша сүйүүп жаша
Күйүт тартпа жалганда жалганда
Башың көтөр баары өтөт
Батпа батпа арманга арманга

Тоодой болсун бактың да таалайын
Бар жакшылык баарына кааларым
Силер үчүн дайыма жакшылар от болуп
Алоолонуп мен жанамын

Карышыңар аттаган алдыга
Багыт алсын жакшылык жакшыга
Келечекке кол сунуп кол сунуп
Ал максаттан талбагыла

Жашоо жарык асман ачык
Жаратканга каниет каниет
Коңүл гүлдөйт назик гүлдөй
Калтырбайлы көңүлдү көңүлдү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *