Датасы: 14.03.2025
Формат: mp3

Алоолонтуп күйгүзгөн да сен элең
Жалынымды өчүргөн да сен болдуң
Махабаттын деңизинде сүздүрүп
Азабына чөктүргөн да сен болдуң

Сүйүү жолун баштаганым сен элең
Ара жолдо таштаганым сен болдуң
Издеттирип табылганым сен элең
Тагдырыма жазбаганым сен болдуң

Кайырма:
Мен сени унутамын аз калды, аз калды
А бирок жүрөгүмдө так калды, так калды
Буйрусун башка жанды тапканды, тапканды
А сени унутамын аз калды

Мен сени унутамын аз калды, аз калды
А бирок жүрөгүмдө так калды, так калды
Буйрусун башка жанды тапканды, тапканды
А сени унутамын аз калды

Таптым го деп кубандырган сен элең
Бүт баарына өкүндүргөн сен болдуң
Махабаттын жыргалы да азабы
Бар экенин түшүндүргөн сен болдуң

Кыялдарга байлаганым сен элең
Үмүтүмдү үзгөн дагы сен болдуң
Аша чабып сүйгөн дагы мен элем
Аягында күйгөн дагы мен болдум

Кайырма:
Мен сени унутамын аз калды, аз калды
А бирок жүрөгүмдө так калды, так калды
Буйрусун башка жанды тапканды, тапканды
А сени унутамын аз калды

Мен сени унутамын аз калды, аз калды
А бирок жүрөгүмдө так калды, так калды
Буйрусун башка жанды тапканды, тапканды
А сени унутамын аз калд

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *