Датасы: 25.04.2025
Формат: mp3

Ажыраштык ойлонбодук жаштык кылдык
Күнөөбүздү бул турмушка шылтап салдык
Бактысызмын балким сен да армандасың
Өткөн күнгө өзүң менен келет кайткым

Кайырма:
Жашоомо наалат айтамын
Сени эстеп кейип ыйлаймын
Телегей тегиз болсо да
Мен сенсиз кантип жашаймын
Курчандым кайгынын баарын

Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр
Бакыт издейм жоготконум табылаттыр
Табийгат да жаратылыш мага боору ооруп
Өчүп калган үмүтүмдү жандыраттыр!

Шараптан күюүп ичемин
Таалайым тайкы нетемин
Сүйгөнүм салба күйүткө
Сен үчүн жашап келемин
Келет деп күтө беремин!

Тагдыр сени ээнчи кылып мага берген
Түшүнбөймүн ирмем болдуң келип кеткен
Өз өзүмдү унутсам да асыл кечим
Бирок сени чыгарбаймын акыл эстен

Ак куудай сүйүүгө бекмин
Антымды тепсеп кетпеймин
Келбесең өмүр өткүчө
Турмушту жалгыз кечемин
Башкага сүйүү бербеймин!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *