Жылдыздай жанган көзүңө байланам
Жипсиз байлаган өзүңдөн айланам
Махабат жазын чакырган маанайың
Жароокер жаным бакытым таалайым
Кайырма :
Сен өзүң бар сөздөрүң бал
Арнаган сага гүлүм бар
Жарык берген көздөрүң бар
Түбөлүк сага деген сүйүүм бар
Бир өзүң бар үмүтүм бал
Сүйүүдөн толгон гүлүм бар
Сагындырган мүнөзүң бар
Сен деген жүрөгүмдө сүйүүм бар
Айтпай жүрөсүң сеземин сүйөсүң
Эрке мүнөзүң билгизбей күлөсүң
Келчи жаныма бактыма жараша
Сезим багынган басалы жанаша
Сонун