Сөзү : Төлөгөн Мамеевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Биз турмушта агалардан кеч келип,
Тээ алыстан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Өткөн согуш кан майдандан сес берип,
Турат бүгүн бардык жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.
Ооба ката Кетти ырда негизи 2сапта тээ батыштан согуш отун кечпедик деши керек болчу биинчи сабында
Азаматсын Нурнурчолпон,биз сени менен сыймактанабыз.
Ооба абдан жакты ,Азаматсын
Ооба бир ката кеткенбирок зор!!
Поиск в гугле