Аткаруучу: Нурила
Булбулу мукам добуш ыр кураган
Булагы тоо койнунда шылдыраган
Жайнаган кызгалдактуу талааларга
Жарыгын чачат таңда күн уядан
Кайырма:
Жеримдин табияты алтын
Элимдин келечеги жаркын
Көркөмү көздүн жоосун алган
Кыргызстан менин бактым
Жеримдин табияты алтын
Элимдин келечеги жаркын
Көркөмү көздүн жоосун алган
Кыргызстан менин бактым
Кыргызстан менин бактым бакытым
Аскасы ак булутту таажы кылган
Жоогазын гүлү жыпар чачып турган
Шарпылдап көл толкуну эрке желге
Байлыгы табияттын бакыт сунган
Кыздары сулуу назик жаркын
Жигити коргоп элдин баркын
Койнунда тынчтык орун алган
Кыргызстан менин бактым
Кыздары сулуу назик жаркын
Жигити коргоп элдин баркын
Койнунда тынчтык орун алган
Кыргызстан менин бактым
Кыргызстан менин бактым бакытым
Кайырма:
Жеримдин табияты алтын
Элимдин келечеги жаркын
Көркөмү көздүн жоосун алган
Кыргызстан менин бактым
Жеримдин табияты алтын
Элимдин келечеги жаркын
Көркөмү көздүн жоосун алган
Кыргызстан менин бактым
Кыргызстан менин бактым бакытым
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.