Ачып сага айтайын жүрөктүн сырларын,
Текке кеткен экен го канча жылдарым.
Сенин көңүлүң үчүн деп айт нени гана кылбадым,
Көнүп калган үчүнбү сен көңүл деле бурбадың.

Кайырма:

Жай гана жай гана,
Термелет айлана.
Жашаймын өзүмдүн,
Эми пайдама пайдама.

Күчү менен шараптын,
Жолдун жээги менен бараттым.
Ортосунда жүрөмүн,
Сагынуу деген азаптын.
Сагынуу деген адаттын.

2-куплет:

Секунд сайын ойлонуп таштоо керек кадамды,
Адам өзү өзгөрсүн өзгөртөм десе ааламды.
Кечегиме өкүнбөйм,эртенки күнүм караңгы,
Мезгил өзү дарыгер айыктырар жарамды.

Кайырма:

Жай гана жай гана,
Термелет айлана.
Жашаймын өзүмдүн,
Эми пайдама пайдама.

Күчү менен шараптын,
Жолдун жээги менен бараттым.
Ортосунда жүрөмүн,
Сагынуу деген азаптын.
Сагынуу деген адаттын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *