Саламат Садыкова — Түшүмө сени кирсе дейм тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Түшүмө сени кирсе дейм,
Түр көйнөк кийип келсе дейм.
Түзөңдөн терип гүлдесте,
Түшүмдө черди жазса дейм.
Уйкумда түшкө кирсе дейм,
Улуу төр жакка келсе дейм.
Улардай мукам үн салып,
“Убайым жебе” десе дейм.
Санаамда түшкө кирсе дейм,
Саймалуу төргө келсе дейм.
Сары оору болгон жүрөктүн
Сагынчын жазып келсе дейм.
Таңга жуук түшкө кирсе дейм,
Тамылжып жүзүң турса дейм.
Таң калтып мени түшүмдө
Таңшытып обон созсо дейм.
Түшүмө сени кирсе дейм.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти346
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти193
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти167
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти140
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти136
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти91

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.