Датасы: 21.02.2023
Формат: mp3

Мага сен от болуп жалындадың
Махабаттай гүлүндөй тамырладың
Аярлуу жүрөгүм аста толкуп
Айта албайм сөз менен анын баарын

Кайырма:

Жанымдын жыргалдуу кездеринде
Жакындан демиңди сезгенимде
Эзилет жүрөгүм эмнегедир
Эркелеп көздөрүм көздөрүңдөн
Көңүлүм көкөлөп толуп ырга
Көрүнөм бактылуу болуп мына
Чаркоодон тазарып чар тарабым
Чакырат жолдорум жолугууга

Өткөн күндөр өкүнтүп мени далай
Өзүңдү көргөн соң эми самай
Чачымдай бөлүнүп тарайм тарайм
Чакырат жолдорум сени карай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *