Аткаруучу: Нуриса Абазова
Нур болуп келип сулуулап таңды
Жарыгың күндөй жанды
Нур болуп келип аруулап жанды
Арманым менин барбы
Ак жарык өңдүү төгулүп турган
Жүрөгүм эңсеп сүйүү сунган
Ааламда сендей асыл жан барбы
Ардагым сендей барбы
Эң кымбат, эң асыл адамым сенсиң
Эркелеп зор бакыт табаарым сенсиң
Сагындым дайрадай агылдым жаным сага оооо
Эң кымбат эң асыл адамым сенсиң
Эркелеп зор бакыт табаарым сенсиң
Сагындым дайрадай агылдым жаным сага, сага, сага
Жарыгым деймин, жарыгым кошуп
Жан алым неге калбай
Жалыным деймин, жалыным кошуп
Кумарым сага канбай
Жаныңда дайым бир болгум келет
Тагдырым өзүң болдун демек
Жан дилим тапкан, жаңы ырым созуп
Ырдаймын жаным сага
Эң кымбат эң асыл адамым сенсиң
Эркелеп зор бакыт табаарым сенсин
Сагындым дайрадай агылдым жаным сага. Оооо
Эң кымбат эң асыл адамым сенсиң
эркелеп зор бакыт табаарым сенсиң
Сагындым дайрадай агылдым жаным сага, сага , сага
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.