Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын,
Кызыл гүлдү сабагынан кармагын.
Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай,
Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын.
Кайырма:
Аралаба топ кыздарды,
Кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
Ошол эле жетпейби.
Асманда ай да сулуу, күн да сулуу.
Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу.
Асманда жымыңдаган жылдыздардай,
Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу.
Кайырма:
Аралаба топ гүлдөрдү,
Гүлдүн баркы кетпейби.
Арасынан бирди үзсөң,
Ошол эле жетпейби.

Нурлан Насип — Алдаба тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *