Аткаруучу: Нурлан Насип
Намыска бекем чептен
Кылымдарды кезген
Ата бабам бизге
Таберик кылып кеткен
Өркүндөп өсө бергин, Кыргызстан!
Сактаган эли-жерин
Айкөл Манас шерин
Унутпай мурас кылган
Санжыра-санат кебин
Бийикке жете бергин, Кыргызстан!
Мен кыргызмын – дүйнө жүзү тааныган
Мен кыргызмын – карт тарыхтан табылган!
Мээрими көл Ала-Тоолуу элим бар,
Мага эң кымбат мекеним баарынан!
Пейили кенен жайнап
Комуз күүсү сайрап
Береке-кутка толгон
Жети дубан аймак!
Шумкардай сабалай бер, Кыргызстан!
Көтөрүп байрагыңды
Бастың канча жылды
Ынтымакта жаша
Гүлдөтүп аймагыңды!
Дайыма алгалай бер , Кыргызстан!
Мен кыргызмын – дүйнө жүзү тааныган,
Мен кыргызмын – карт тарыхтан табылган!
Мээрими көл Ала-Тоолуу элим бар,
Мага эн кымбат мекеним баарынан!
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.