Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Тат десең ууну татайын,
Дартымды ичке катайын.
Ашыгын күткөн жолугуп,
Ай болуп , ай болуп тоодон батайын.
Уурттасаң балды уурттайын,
Ууртуңдан сүйүп жыттайын.
Жан азык кылып күлкүңдү,
Жаныңдан, жаныңдан алыс чыкпайын.
Дем берген ичтен жашыруун,
Делбирим сага баш урдум.
Өзүңдөн таптым байланып,
Өмүрдүн, өмүрдүн алтын казыгын.
Гүлдөрдүн барктуу гүл барын,
Күндөрдүн барктуу гүлдөрүн.
Көзүмдөн кайра окудуң,
Көңүлдүн, көңүлдүн мендик сырларын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *