Көңүлүмө толуп турган кубанычсың
Кылымдарга махабаттын оту жансын
Сүйүп жүрүп сөз арнаган кызым элең
Кандай жакшы азыр эми жубайымсың
Кайырма:
Жанымда бол жаным жаным жан шеригим
Жүрөгүңдүн ачкычын сен мага бердиң
Ак сүйүүгө чаң жугузуп албайлы деп
Жан дүйнөмдү тар кылып сага бердим
Жараткандан сен деп билем береримди
Сени менен ушул сүйүүгө жетпедимби
Сезимдеримди аткарайын бул өмүрдө
Бакыт менен сүйүү арноо милдетимди