Сага арнап белек, сезимдерге себеп.
Эркелешип ээрдиңден, берекем сүйгөм.
Көзүң жанып күйгөн.
Күн жылмайып күйгөн.
Айтчы неге жаным, Ал күндөр кайда?
Аралып дүйнө кезип, Сендей таппадым.
Айтчы неге жаным, Ал күндөр кайда?
Сагынам ошол мезгил неге кайтпадың?
Ал күндөр кайда?
Жарык нур болуп төгүлчү ай жүзүң жок,
Сага айта албай калган, баары болду жалган.
Көздөрүңө арбалып, мен сүйүп жүргөн,
Сени дайым эстеп, карааныңды эңсеп,
Деги айтчы неге жаным, Ал күндөр кайда?
Кайрыма
Бакытым болуп жаралган сенсиң,
Ажайып бийик ай-күнгө теңсиң.
Оюмдан кетпеди сенин элесиң,
Сен мага күч-кубат болуп келесиң.