Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Бешенең гана Чолпон да жангандай,
Беш Үркөр гана чыга калгандай.
Жарк этип күлсөң кайрылып,
Айнагүл, жайкы таң ак супа салгандай.
Көздөрүң кана каухар да жанганда,
Көңүлдү гана тартып алганда.
Жаштыктын жыпар гүлүсүң,
Айнагүл, жыттаса эле кумар кангандай.
Бүткөндөй гана күндүн нурунан,
Күлкүңө гана денем жылыган.
Айлуу бир түндө сыр чечип,
Айнагүл, айтканың ойго уюган.
Телмире карап тиктеп да күлгөнүң,
Таңындай гана жарык дүйнөнүн.
Болочок үчүн шерт кылып,
Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *