Көрүндүң ай көзгө иримде,
Көп карап ай жалт-жалт тигилем.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет ай сүйүү,
Керемет ай сүйүү жибине.
Карашың мага ок болуп,
Жалындайт ай билем чок болуп.
Арнаган жылуу сөздөрүң,
Кабылсам ай кетет,
Кабылсам ай кетет жок болуп.
Созулуп ай жылга күн өттү,
Соолуду ай жазга гүл өнүп.
Жолукпай кантип жүрмөкпүз?
Табышмактуу, сырдуу,
Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү.
“Селт” этем ай кирпик илинсе,
Себепкер ай сенсиң иримде.
Чыга алгыс кылып чырмадың,
Сыйкырдуу ай сүйүү,
Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.
Нурзат Садыкова — Керемет сүйүү тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 11419
Укмуш жакты
Ырдын автору соз кимдики кошо жазып койсонор жакшы болот
Сонун
Эн сонун ырдаган