Жарадан айыккан жүрөктү тырмаба,
Мен сени унуткам.
Алдымдан суранам, сен кайра баспа,
Кайра кантип айыгам?
Үмүтүм чоң эле сенин сүйүүңө,
Бирок мен адашкам.
Көрсө сен башка,
Мен башка ааламдан.
Айтчы, биз өткөргөн күндөр
Чындап эле айландыбы жомокко?
«Кайтчы» деп артта айкырдым,
Суранам, менден сен эч коргонбо.
Сүйүп берем, бири дагы сүйө албайт,
Эркелет сени бир мендей гана.
Бирок тагдырым каалаптыр
Жалгыз калышымды экен да
Кайырма:
Жарадан айыккан жүрөктү тырмаба,
Мен сени унуткам.
Алдымдан суранам, сен кайра баспа,
Кайра кантип айыгам?
Үмүтүм чоң эле сенин сүйүүңө,
Бирок мен адашкам.
Көрсө сен башка,
Мен башка ааламдан.
Көздөрүм, менин көздөрүм
Жактырчу сенин көздөрүңдү.
Суп-сулуу сенин жагыңды,
Мени карап күлгөнүңдү.
Унута албадым сенин күлгөнүңдү,
Жардам да бербеди
Башкалардын сөздөрү.
Айтчы, экөөбүздөн чыкмак беле
Эгер күрөшсөк чын сүйүү?
Качтык эмнеден, корктук эмнеден?
Чындап эле бул чын сүйүү беле
Же жаштыктан алданып экөөбүз
Калп эле ойнодукпу?
Оюнуна тойбогондой кайра
Бири-бирибизди козгодукпу?..
Кайырма:
Жарадан айыккан жүрөктү тырмаба,
Мен сени унуткам.
Алдымдан суранам, сен кайра баспа,
Кайра кантип айыгам?
Үмүтүм чоң эле сенин сүйүүңө,
Бирок мен адашкам.
Көрсө сен башка,
Мен башка ааламдан.
Oberon — Унуткам тексти
Датасы: 22.02.2026 Көрүүлөр: 13



