Датасы: 09.11.2025
Формат: mp3

Ажарың сагындым
Жамалың сагындым сенин
Махабат арманым
Азапка салбагың мени
Карагат көздөрүң
Жагымдуу сөздөрүң сенин
Кыялга айланды
Арзууга айланды эми

кайырма:
Тамчы тамчы көздөрүңдөн төгүлгөн жашты
Токтотууга эрким жетпеди
Түбөлүкө жүрөгүмө сактаймын сени
Сени, сени, сени, сени

Ардагым айла жок
Жүрөктө жалың от эми
Кусалык кайрыгы
Санаалар кыйнады мени
А бирок сагынам
Өзүңө талпынам жаным
Сагынам сагынам
Элесиң жамынам жаным

кайырма:
Тамчы тамчы көздөрүңдөн төгүлгөн жашты
Токтотууга эрким жетпеди
Түбөлүкө жүрөгүмө сактаймын сени
Сени, сени, сени, сени
Түбөлүкө жүрөгүмө сактаймын сени
Сени, сени, сени, сени

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *