ЧЫНДАП ЭЛЕ БУЛ ЖИГИТТЕР ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУШАТ БОЛДУ ЭКЕН? Сиз тааныган жигиттер эмне жөнүндө ойлонушаары сизди качандыр бир кызыктырганбы? Алар кандай сезимдерди баштарынан өткөрүшөт болду экен? Же сиздин досуңуз сиз сүйлөп жатканда күтүлбөгөн жерден, сөзүңүздү аягына чыгарбай бөлүп, сиздин оозуңузду жабышыңызды суранып, басып кеткен учурлар болгонбу? Анын мындай ачууланган абалынын себеби эмнеде экендигин түшүнбөй калган күндөр болду беле? Эгерде жигиттердин түзүлүшү кандай экендигин билип калсаңыз бир нерсе өзгөрөбү? Сиз бул китепти окуп жаткандыгыңыздын ар кандай себептери болушу мүмкүн,– мисалы, көңүл ачуу үчүн, кызыгуу сезиминен улам же жигиттерди түшүнүүгө аракет кылуудан көңүлүңүз калгандыктан улам – кандай себептер болбосун, сиз жигиттердин ички дүйнөсү тууралуу жаңы нерселерди биле аласыз деп жана сиз ким болсоңуз да, – мектептин жогорку классынын же колледждин окуучусусузбу, же окууңузду көп жыл мурда аяктаган айымсызбы, баары бир – бул билимиңиз сиздин жашооңузга жакшы таасирин тийгизет деп үмүттөнөбүз.

Ырайым Жолу Youtube каналы

Урматтуу колдонуучулар бул аудиокитеп Ырайым Жолу Youtube каналы үчүн даярдалган.

Дагы башка жаңы китептерди бул шилтеме аркылуу уксаңыз болот.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *