Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Жаркышы жактан жаз калып,
Жаз дагы гүлдөй назданып.
Сүмөлөк сындуу шириним,
Сүйүүгө барам аз калып.
Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.
Жарк эткен жүзүң чырактай,
Жанымды барат чыдатпай.
Каралдым мени кыйнаба.
Калтардай качып кылактай.
Ак туйгун сымал келбетиң,
Акактай тунук берметим.
Ак шоолам сендей табамбы?
Айланып учсам жер бетин.
Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.
Жарк эткен жүзүң чырактай,
Жанымды барат чыдатпай.
Каралдым мени кыйнаба.
Калтардай качып кылактай.
Ар иштин келет мерчеми,
А бирок өмүр өлчөнүү.
Кучагым жайдым сен үчүн,
Кымбатым, жалгыз сен дедим.
Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *