Датасы: 19.04.2020
Формат: mp3

Жазгы гүлдөй жайнаган жамалыңды,
Бир көрбөстөн арманда каламынбы?
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Убактыңды ушунча аядыңбы?

Ишенемин, экөөбүз кездешербиз,
Кез келгенде, ал күндөрдү эстешербиз.
Ара жолдо калбайын ыйламсырап,
Суранаарым, башкага кетпесеңиз.

Билсең деле жөнөйт деп кабарымды,
Узатаарда көрбөдүм карааныңды.
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Ушул бойдон көрүшпөй калабызбы?

Роза Аманова — Убактыңды ушунча аядыңбы тексти: 5 комментарий

  1. Албетте жакды мага Кыргызымдын ырлары Роза Аманова өлө жагат .Эжеге ийгилик узак өмүр каалайм.Аллах колдоосун ⭐

  2. Роза эжебиздин талантына таазим. Ушул ырлар менен чонойдук го

  3. Ооба бул ырды жакшы көрөм мен ,Роза Аманованын ырлары менен чонойгонбуз

  4. Кыргызымдын сыймыктанган айымдары
    мен кыргыз болгонума кубанамын Эжекебизге узун омур берсин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *