Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүмө.
Жанаша калсаң кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.
Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.
Роза Шакирова — Кызганыч тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 71049
Ото сонун
Ооба жакты
Зор да зор
Ооба жакты
Сонун
Мага ушул жагат
Оба
Оба жакты
Мага да ушул жакты
Жагат, ырдапта журом.
Аябай сонун жакты
Бироону эстеп кеттим журогум иий
Аябай жакты
Суйуп угам