Датасы: 12.07.2020
Формат: mp3

Эрке кызым кичинекей эрмегим
Өзүң менин өмүрдө тилегеним
Мына бугун бой жетип канат байлап
Бактыңа сен учасын кереметим

Бул турмуштун ыйыктыгы ушул жол
Түгөйүңдүн жанында эгизи бол
Айдай күндөй ардактуу үй бүлөнүн
Сыймыктанар ак жолтой келини бол

Кайырма:

Айдай кызым аруу кызым
Бакытка толуп дайым
Эстей жур намыс менен
Айтканың жакындарың


Ар бир таңда жылмайууңдан нур жансын
Акыл менен тагдырды талдап алгын
Турмуш жолу ар кимге оңой эмес
Ак сүйүүңдү айарлап сактап алгын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *