Кар кетип, байчачекей гүлүн ачкан,
Чөп чыгып, төбөдөн күн нурун чачкан.
Сагындым айылымдын көктөм жазын.
Ташкындап сай-сайлардан суулар аккан.
Айлым ай, айылым ай.
Жүрөгүм эңсеп сагындым, ай.
Сырдашып биз анда, бак ичин аралай,
Калыптыр сүйүүбүз багыңда, ай.
Бак-дарак жашылданып бүрүн ачкан,
Алма-өрүк аппак болуп гүлүн ачкан.
Сагындым жыпар жыттуу айыл кечин,
Кызарып тоо артына күндүн баткан
Түндөсү ай, жылдыз жанат,
Айлуу түндөгү ал махабат.
Ыр, күлкү , шаң менен кыдырып айылды,
Биз жүргөн көчөлөр, биз баскан көчөлөр эсте калат.
Чымчыктар чырылдашып терек бактан,
Агарып таң сөгүлүп чыгыш жактан
Сагындым айылымдын аппак таңын
Күн нурун жер бетине тегиз чачкан
Термеле бер теректерим,
Аймагы кооз белестерим.
Атыңдан айланам Терек-Суу айылым,
Өркүндөп, өсө кең мекеним.
Руслан Нарынбаев — Айылым тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 2270