Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмуштан да,
Жолуксам деймин тезирек.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.
Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.
Рыспай Абдыкадыров — Ак куулар сени сагынар тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 8246
Экинчи куплети жок. Ондоп койгула.
Зооор