Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денеде,
Сезимди бийлеп келесиң.
Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
Укмуш сонун ырдаган азыркылар эмне жөнүндө ырдап жатканын түшүнбөй калдым бир эле Атабеков ырына түшүнөт билбейм башка ырчыларды
Аябай сонун
Супер
Супер
Ката жок проста сонун