Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң? тексти

Сөзү : Сагын Акматбекованыкы
Обону : К Эралиеваныкы
Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң?
Унут аны, унут мени сүй дейсиң,
Унутканга дагы ошондой бир сүйүү
Да бир өмүр керектигин билбейсиң.
Отурамын жанымда жок жан адам,
Отурамын караңгыда садагам
Отурамын караңгыда садагам.
Өттү кездер эң учкулдай, эң узак
Өттү кездер көйнөгү чөп көөнү шат
Жапырт өзүн жагып өткөн бир билек
Жарык чачат, караңгылык чогултат
Бүгүн эртең бүтөт кызык баяны,
Отурамын бир кылымдын аягы.
Отурамын бир кылымдын аягы.

Күтөмүн кел, күтөм дейсиң барамын,
Баргым келсе барбасам жок каламын
Жүрөктү угуп, акыл менен иш кылган,
Мен да сендей бир кишимин карагым.
Кангыча да кар менен шаң толтура
Караңгы үйдө а мен жалгыз отурам.

Один комментарий к “Самара Каримова. Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң? тексти жана mp3”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *