Датасы: 05.04.2024
Формат: mp3

Мен бир пендемин жаратканым сынап жаткан
Мен бир пендемин өз турмушун улап жаткан
Мен бир пендемин жакшы сөздөн кубат тапкан
Мен бир пендемин эл көргөндү көрүп жаткан

Мен бир пендемин сыркоолосом табит качкан.
Мен бир пендемин бул өмүрдү сүйүп жаткан
Мен бир пендемин таарынамын, кечиремин,
Мен бир пендемин жанылыштык кетиремин

Мен бир пендемин сыр катамын чечилемин
Мен бир пендемин кубанамын, кайгырамын
Мен бир пендемин жакындардан айрыламын
Мен бир пендемин жаратканга кезигемин

Мен бир пендемин жараткандан сурап жаткан
Мен бир пендемин жашоо нугун улап жаткан
Мен бир пендемин жер шаарынан турак тапкан
Эй мен бир пендемин- алма сууда кундүр түнум,

Мен бир пендемин -артып келем турмуш жүгүн,
Мен бир пендемин эртең билбейм жашаймбы күн
Мен бир пендемин кээде күлүп таарынамын
Мен бир пендемин жетпей калып зарыгамын

Мен бир пендемин куса болом сагынамын
Мен бир пендемин мудурулуп чалынамын,
Мен бир пендемин сабыр кылам шашыламын,
Мен бир пендемин бир кудайга багынамын

Мен бир пендемин тандоо жолун озүм тапкан
Мен бир пендемин чыккан күнүм кайра баткан,
Мен бир пендемин кемчилдигим толуп ташкан
Мен бир пендемин не бир күндөр өтөт баштан,
Мен бир пендемин жашоо чиркин өтүп жаткан,
Мен бир пендемин чындык көрдүм ошол жактан

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *