Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Таалайыма жазып сени, биз экөөбүз бактылуубуз,
Таңда, кечте ойлоп сени арзууларга тартылам.
Аралап сезимди ак сүйүүлөр жалындайт,
Сага арнап ар убак ырларым жазылат.
Кайырма:
Ишенем, ишенем!
Бирге болуп экөөбүз дайым,
Бир тособуз махабат таңын,
Ишенем, ишенем!
Бул жашоодо арзып тапкан бакытымсың, берекемсиң,
Бул өмүрдө ар дайым болсоң дейм жанымда.
Өмүрдү сүрөлү кол кармашып экөөбүз,
Жан дүйнөм бир сага түбөлүк арналат.
Кайырма:
Табышкан жүрөгүбүз гүл болуп жайнасын,
Сезимдер жалындап аксын, жашасын.
Кош жүрөк сабалап ырларга айлансын,
Жан дүйнөм өзүңө түбөлүк байлансын.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *