Сайкал Садыбакасова. Уркуя тексти жана mp3

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Ак жоолук салып башына,

Ак көйнөк кийип буралган.

Аялдын эле асылы,

Убада сөзгө тура алган.

Акылгөй болуп элине,

Алдыңкы чарба кураган.

Кайырма:

Уркуя – ыйык энебиз,

Эмгегин даңктап келебиз.

Уркуя – баатыр энебиз,

Өмүрүн даңктап келебиз.

Элим деп жанын аябай,

Мээнетин элге үрөгөн.

Курууга жаңы заманды,

Тайманбай элди сүрөгөн.

Таамай сөз, тайбас мүнөзүн,

Мырзалар баалап, сүрдөгөн.

Кайырма:

Кырчындай жапжаш кезинде,

Канкорлор кыйды өмүрүн.

Аз жашап, бирок баркталган,

Атагы калды эл үчүн.

Арманда кеткен асылды,

Унутпайт кыргыз эл бүгүн.

Кайырма:

Сайкал Садыбакасова Уркуя клип

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти597
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти27
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти19
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36