Датасы: 03.09.2020
Формат: mp3

Ажарыңды ач, кызым, ай шоолаңды чач, кызым.
Бакыт жолуң ачылсын, жан кызым.
Таза сүйүү тамчысын, карма бакыт жарчысын.
Жаратканым жалгап, таалайыңды тап, кызым.
Кайырма:
Кудай берген, ай кызым, кыялдарга бай, кызым,
Бойго жеттиң мына, өз жолуңду тап, кызым.
Атакеңдин, апаңдын ак батасын ал, кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым!
Аппак сүтүн актагын апакеңдин, жан кызым.
Акыл сөзүн таштабагын, ай кызым.
Айың сөзгө салбагын атакеңди, жан кызым.
Кайын журтту сыйлап, акылдуу бол, ай кызым.
Кайырма:
Кудай берген, ай кызым, кыялдарга бай, кызым.
Бойго жеттиң мына, өз жолуңду тап, кызым.
Атакеңдин, апаңдын ак батасын ал, кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым.

Минусовка

Сайкал Садыбакасова — Жан кызым тексти: 10 комментарий

  1. Мага аябай жакты ийгилик каалайм Сайкал эжеге

  2. Азаматсын Сайкал унундон сенин. Келечегин кен болсун жакшы жубай, ширина балапандар насип кылсын. Бактылуу бол.

  3. Керемет ыр, кызы бар энелердин козунон жаш токтобойт бул ыр менен узатса, менин кызымы ресторанга ушул ыр менен алып киришкен укмуш сонун чыккан, унуно береке Сайкал

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *