Самара Каримова — Койчунун ыры тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Ат баспаган асканын
Аралай басып ак карын,
Жайыттап күнгөй-тескейди
Кой болду менин бакканым.
Тээтиги сары кыр жакка,
Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын.
Ат жетпеген асканын,
Мен бастым шагыл, таштарын,
Кой баккан сонун турбайбы
Балалык ойду таштадым.
Тээтиги Кара-Шорого
Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын.
Дегеле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын,
Кыз сүйгөндөй болосуң
Сылап саамай чачтарын
Күн кечтеп кетти короого
Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3983
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти855
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти347
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти142
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти130
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти96
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти95
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти89

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.