Досту күттүм айыбымды жашырган
Достү түтүп кайрымына батырган
Абийир менен арка бекем болсом деп
Ар убакта жолдош күттүм жакшыдан
Сүйсөм эгер сүйүүң болсун түбөлүк
Күлсөм эгер гүлүм болсун күбөлүк
Ким бирөөнүн үмүт шамын өчүрүп
Ким бирөөгө болбосом дейм тирүү өлүк
Кайгы мууңдү сурайм терең кылбасын
Кадырымды жарым мейли туйбасын
Адамдыгын сакта болуу жараткан
Алтын баштуу баладан кем кылбасын
Байлык эмес тапканымда тутканым
Бакыт болбос тириликте тытмагым
Байлык мага азаптыгым өз эрким
Бакыт мага куштай эркин учканым
Самара Сабирова — Кайырма тексти
Датасы: 23.04.2024 Көрүүлөр: 2937