Сезимиңде кири жок секелегим,
Сени келет колуңдан жетелегим.
Сездире албай жүрөмүн, сездире албай,
Сезим оту жүрөктө өчө элегин.
Кайырма:
Токтоло элек мүнөзүң боз торгоюм,
Туралбайсын жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн,
Турмуш супсак жүрөктө от болмоюн.
Аган болуп жүрөмүн мен абройлуу,
Ачык айтам канткенде анык ойду?
Абай салып байкачы, карлыгачым,
Азап болду агаңа, азап болду.
Кайырма:
Шыбырт болсо, шырп учкан чымчыктайым,
Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.
Чырак болуп жагылдын кеч күүгүмдө,
Чырайынды эш тутуп тынч уктайын.
Кайырма:
Самат Муратбекович — Боз торгоюм тексти
Датасы: 21.08.2020 Көрүүлөр: 380