Датасы: 31.08.2025
Формат: mp3

Өмүрдүн жолдорунда өбөк болуп
Өмүрдү бир сүрбөдүк жөлөк болуп
Өтсө да кетсе дагы ишеналбай
Өкүндүк жолдорубуз бөлөк болуп

Бактылуу болуу үчүн эмне керек
Махабат айыптуубу эмне себеп?
Жоодурап кучагыңа толгум келет
Жон гана мен бактылуу болгум келет

Махабат даамын татып сүйүп сүйүп
Магдырап тандай атып күлүп күлүп
Ал күндөр кеткенине ишеналбай
Жүрөктөр куйкаланды күйүп күйүп

Кайырма:
Бактылуу болуу үчүн эмне керек
Махабат айыптуубу эмне себеп?
Жоодурап кучагыңа толгум келет
Жон гана мен бактылуу болгум келет

Бактылуу болуу үчүн эмне керек
Махабат айыптуубу эмне себеп?
Жоодурап кучагыңа толгум келет
Жон гана мен бактылуу болгум келет

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *