Бир ирет базарда айнек саткан бирөө акылдан айнып кетмейи аз келгенсип бейбаштыгы да башынан ашкан таанышына мындай деди:

— Баардык тентектер айнек сындырат, а сен эмне мынча жалкоосуң же коркосуңбу? Ушинтип жүргөнчө үйлөрдүн терезелерин талкаласаң, моокумуң канганы аз келгенсип, соодам жок отурган мага да чоң жардам болот эле.

Акылы пас тентек анын айтканын эп көрдү. Көңүлү шаттанып, ичинен кыңылдай ырдаган бойдон айнекчинин үйүнө келип, терезелерге бир да айнек калтырбай таш менен уруп, талкалап чыкты.

Айнекчи кечте үйүнө келгенде гана тентектин бул кылганын көрүп ага жинин агытып, муштумун мурдуна кезеп урчудай болду.

— Эмнеге мага жинденип атасың? Өзүң айтпадың беле “барып айнектерди талкала” деп, — тентек таңгалымыш этип.

— Мен сага жумушум болсун үчүн башка бирөөлөрдүн терезелерин талкала дебедим беле!

— Эгер мен башка бирөөлөрдүн терезелерин талкаласам, — деп каршы болду тентек акылдуусунуп, — алар бөлөк айнекчилерди чакырары мүмкүн да. Ошон үчүн сенден эч ким талашпагыдай терезелерди сындырдым.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
МАНСАПКОР КҮЧҮК560
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)502
Көмөч нан (колобок) жомок482
Алтын балык274
Карышкыр жана жети улак226
Акылдуу кыз жомок217
Алия менен жылкы197
Акыл карачач178
Акылдуу кыз174
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ144

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *