Аткаруучу: Сардар Туркменов
Балдан ширин таттуу балапаным
Келечегиң берсин жаратканым
Ак мамыктай аппак колдуруңан
Жетелеймин жолдон айланамын
Кайырма:
Балам балапаным
Көңүл жазарым
Сен бар үчүн үйүм
Толо базарым
Өмүрүмдүн менин
Шам чырагы
Ушул ырым сага
Мен арнадым
Карагаттай көзү карагатым
Карайлаймын жаным садагасы
Бешигиңди бекем тербетейин
Уктап алсын тынчта айланасы
Кайырма:
Балам балапаным
Көңүл жазарым
Сен бар үчүн үйүм
Толо базарым
Өмүрүмдүн менин
Шам чырагы
Ушул ырым сага
Мен арнадым
Балам балапаным
Көңүл жазарым
Сен бар үчүн үйүм
Толо базарым
Өмүрүмдүн менин
Шам чырагы
Ушул ырым сага
Мен арнадым
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.