Датасы: 09.06.2024
Формат: mp3

Байкоо салсам, өзүмдү терең карап
Мен чырпыкмын ,балпайган энем дарак
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн
Ойлонбостон мен үчүн энем барат

Жолдор татаал өмүрдө энем баскан
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан
Кара түнгө айланам энем жокто
Каралбаган үй сымал желе баскан

Ашууларга көз жетпейт энем ашкан
Санааларга сөз жетпейт энем баткан
Энелерди окшотом чоң кемеге
Түйшүк тартып, көтөрүп келе жаткан

Нурила — Эне жүрөгү тексти: 8 комментарий

  1. Бул ырда эң туура сөздөр камтылган. Абдан мааниси терең.

    1. Бул ыр абдан соонун ыр экен мааниси дагы жакшы эн туура айтылган сөздөр
      Ар бир сөздө мааниси зор камтылган ушул ырды жазган эжеге ырдан эжеге чоң рахмат ишиңиздерге чоң ийгилик каалайм ушундай ырлардан чыгарып турунуздар

    2. Сонун ыр экен уга берип журогум ооруп калды жакында эле Апамды жоготком

  2. Мен Эми гана уктум,угаберип журогум ооруп калды,аябай сонун

  3. Сонун ыр экен авторго рахмат. Мен учун жазылгандай жакында эле Апамды жоготконмун уга берип журогум ооруп калды

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *