Ачылып алдың жаздай
Сөздөрүң бар балдай
Койбосом дейм мени көңүлгө албай
Жүрөгүмдө дайым
Сенин сүйкүм назым
Арнадың өзүңдү
Кабыл ал жаным
Кайырма:
Жагымдусуң жазгы таңындай
Жарашыпбыз эгиз жандай
Жанымда бол сен
Берилген менин бакытымдай
Жанымдасын махабатым
Жүрөгүм сени тапты
Сезип тургандай
Көздөрүңдө сүйүү жазы
Алып учат мени
Ак сүйүүнүн деми
Байкатпастан жаным
Кызганам сени
Ойлорумда сенсиң
Жомогум да сенсиң
Ушунчалык сүйгөн
Жалыз бир менмин