Сезимге изин калтырар,
Сездирбей күйүп жаркырар,
Себепкер болуп ар ишке,
Сүрөтү көзгө тартылар.
Секунддар сайын ойлонткон,
Сенде да максат бар чыгар.

Жашоо жол менен чектелер,
Жаш кезде иш көп кез келер.
Жактырып бирин иштеп кал,
Жакшылап байкап сезсеңер,
Жашыл гүл солуйт бир күнү,
Жаш бойдон калбайт эстеңер.

Арманда өмүр өтпөсүн,
Ардакта көңүл чөкпөсүн.
Акыры чачтар кыйырат,
Айтпасак да өңгөсүн,
Азыркы жыргал турмушта,
Алтындай жаштык көктөсүн,
Алоолоп жанып,
Ак сүйүү шамы өчпөсүн.

Жылдыздар көктөн таранып,
Жымындайт бизди каратып,
Жаркырай чачса нурларын,
Жадыма түшөт балалык.
Жалындуу жаштык барында,
Жакшы жол тандап алалык,
Жаркырай күлчү,
Жазылсын черлер таралып.

Один комментарий к “Сезимдеги ой тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *