Датасы: 10.12.2022
Формат: mp3

Баттым азапка
Баратам багыты жоктой
Бактым кай жакта
Издеп жүрөм алоолоп оттой
Жүрөгүм алсыз
Алоолонуп мен күйүп барам
Олтурам мен жалгыз
Туш тушка ойлорум тарап

Кайырма:

Өмүр өмүр, өмүр деген
Өтүп кетет бир көз ирмем
Азгырылып кайдагы менен
Көңүл көңүл көңүл деген
Чөгүп кетет бир көз ирмем
Жашайлычы жакшы күн менен

Баттым кайгыга
Баратам үмүтү жоктой
Артка кайрылбай
Жашай берем күйүтү жоктой
Жан дүйнөм муздап
Эмнегедир мен үшүп келем
Жүрөгүм сыздайт
А бирок мен жашай берем

Өмүр — клип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *