Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көптөн бери жашаган сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эми мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Шахра Талипова — Көзүңдөгү керемет тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2405