Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң бир келерсиң,
Эстегенде бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.

Один комментарий к “Шамшыбек Өтөбаев — Таң сыры тексти”

  1. Классика, текстти мыкты жараткан, ага обону шайкеш жаралган. Ар бир ырдын тарыхын биле жүрүңүз, урматтуу ыр жандуу жандарым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *