Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Өмүрдүн талантын,
Соодалашып сатып албайт.
Көкө Теңир өзү буйруп,
Колдоп, сүйөп, өзү жалгайт.
Ташкындап, толгонуп,
Чыгып жаткан ыргактарды,
Тартуулап, жолго салып,
Өзү коштоп, жандайт.
Калкына, журтуна,
Бүт өмүрүн арнап келген.
Кара жаак чечен өткөн,
Бул дүйнөдөн нечен деген.
Көөдөн толкуп зынданда,
Капаста да ыр жаралып.
Канат байлап адамзатка,
Дем-күч берген.
Ааламдан, мейкиндиктен,
Жааган асыл акылдарды.
Асманым, Жаратканым,
Колдой бергин дагы, дагы.
Ага бер, ага бергин,
Кылымдарга жанашып.
Сезимдин оргуштаган дайралары.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *