АҢГЕМЕ

— Алло!..

— Алло…

— Бу ким?

— Кечиресиз… нөл беш жүз элүү үч… элүү сегиз… жетимиш алты…он үчбү?

— И-ээ…

— Акыркысы он үч да?..

— И-ээ, он үч… Кечиресиз чоң кыз… Мен сизди тааныбай турам… Ким экен бу? Адашып чалып алган жоксузбу?..

— Мен, анда адашкан жокмун го… Сиз эмне? Шашып жатасызбы? Же үйүңүзгө өрт кеттиби?..

— Эмне?.. Эмне? Түшүнбөдүм… Ким экен бу? Кайдагы өрт?.. Сиз адашып чалып алган жоксузбу, чоң кыз? Сизди тааныбай турам… Атыңыз ким өзү?..

— Телефон номериңиз туура нөль…

— Ии… ошондой бирок…

— Анда мен туура эле чалдым… Сизге чалып жатам…

— Чалганыңызга эчтекедей албайм… Сиз мени, биринчиден тааныбайсыз, турабы? А, сиз эски тааныштай эле сөз баштадыңыз…

— Тааныш болбосок… таанышабыз… Эмне жаныңызда аялыңыз турабы? Түрүңүзгө… үнүңүзгө караганда… аялынан корккондордонсуз го? “Под каблучник”деп коет беле андайларды?..

— Корккон эткен эме эмесмин… Сиз өзү мени тааныйсызбы?..

— …тааныш эмес болсок таанышабыз, подумаешь… Менин атым Лира…

— Лира?!..

— Эмне жылан тебелеп алгандай чочуп кеттиңиз? Лира деген тааныш айымыңыз барбы?

— Жок… Лира деген аял заты менен таанышмак тургай, сүйлөшүп көргөн эмесмин…

— Карганып жибердиңиз бейм?..

— Ой, бу ким өзү?.. Сиздей тааныш-билишим деги жок… телефонду коюп салам…

— Ой!..Ой, ой!.. Жүрөгүм түшүп кетти… Сиз койсоңуз кайрадан чалам… Номериңизди деги билем…

— … кудай урбадыбы?..

— Эмне эле күңгүрөнүп жатасыз?.. Менин атымы угуп чалкаңыздан кеттиңиз… Сиздин атыңызды билсек болобу?..

— Атым Самат… Сиздин Самат деген таанышыңыз жок, да?..

— Очень приятно!.. Жок, бирок… Самат аттуу киши менен таанышып отурбаймбы? Тааныш болуп жүрөлү, ок?..

— Ок… Өзүңүз жөнүндө бир эки сөз айтып бере аласызбы?..

— Кайдагы неме деп чочулап турасыз го?.. Коркпой эле коюңуз… Нью-Йорктогу үч мунараны, Коллизейди мен жарган эмесмин…

— Аябай эле тамашакөй экенсиз…

— Менин тамаша кылгандан башка эч айлам калбай калды…

— Кап этпеңиз, мунуңузду түшүнбөй турам… А, неге?..

— Эртең күйөөгө чыгам…

— Күйөөгө чыгам?!..

— Эмне ысык сүт ичип алгандай… какап-чакап кеттиңиз…

— Ой, чоң кыз…Сиз таптакыр эле тааныбаган немеге чалып алган жоксузбу?

— Пардон… Атыңыз Саматпы?… Телефонуңуз ушу номерби?..

— …аа… туура деңизчи… бирок, мен сизди таптакыр эле…

— …таптакыр эле көрбөсөңүз эмне?.. А, балким мага ойнош болуп каларсыз…

— Эмне? Эмне?..

-Эмне? Эмне… Суу ичкен теке! Эмне уксаңыз ошо…

— …чоң кыз, мунун баарына түшүнсөм өлөйүн!.. таптакыр эле мээм жетпей жатат… сиз…

— Мээңиз жетип эле турат… Аңкоолонбоңуз? Жап-жаш кыз… эми эле күйөөгө чыгам деп турган кыз… Сизди ойнош кылып алам деп турса… эмнеге мээңиз жетпей калат экен? Коркуп атасыз го?..

— кор-ккон-оонжок-мун…

— Үнүңүздөн билинип турбайбы? Эч коркпоңуз, менин күйөө болумушум… бир ай мурда эле менин “патентими” алып койгон…

— “Патентими алып койгон?!..”А … эмнеси?

— Эмнеси эле?.. Кыздыгымды… А, эртең той…

— Сиз аябагандай эле ачык экенсиз…

— Ачык эмей эле… жып-жылаңач ваннада жатам…

— Кудай урбадыбы!..

— Кудайды оозуңузга албай эле коюңузчу?.. Эркекетер силер кимсиңер, билесиңерби?

— ммм…

— Касамкорсуңар… Калп эле… өлүмүш болуп… Давайте, ачык сүйлөшөбүз?!.. Бу театрдын кимге кереги бар?.. Маскаңызды сыйрып салыңыз… “Быть или не быть!..” Ким айткан муну?..

— Гамлет…

— Мына сизде деле интеллект бар тура… Шекспирдин ким экенин билет турбайсызбы?..

— …билбей анан… философмун…илимдер академиясында иштейм… кенже илимий кызматкермин…

— Мына! В точку попала!.. Платон , Диоген, Монтескье, Конфуций, Ницше деңиз!.. Мээси таптакыр эле айнып калган адам турбайсызбы? Соо киши философ болбойт…

— Кечиресиз… сиз таптакыр эле…

— Эми, тамашалганга да болбойбу? Сиз экөөбүз эски тааныш болуп калбадыкпы… Сизди көрбөй туруп эле ойнош кылып алайын деп жатпаймбы?.. Көрүнгөн эркекке эле андай статусту ыйгара бербейм…

— Ста-тус-уңузга ракмат!

— Эмне эле шыбырап калдыңыз? Аялыңыз эшиктин тешигинен аңдып турабы, сөзүңүздү?.. Үркпөй этпей эле “Мен Лира менен, жандүйнөмдөгү Лира менен сүйлөшүп жатам!.. “Тоскоолдук бербе, какшанган катын!”дебейсизби… И, байкуш эркектер, аялыңардан өлгүдөй коркосуңар ээ… Сизге бир суроо…урматтуу философ… Диоген эмне үчүн өмүр бою бочканын ичинде жашаган?..

— …Ушуну билбептирмин…

— Билбесеңиз, билип алыңыз, аялы үйдөн кууп чыккан…

— Да?..

— Да!.. Аялынан корккон эркектин гана ойношу жок. Ойнош күтүш үчүн да жүрөк керек… А, мендей жаш кызга ойнош болуу үчүн… вообще башты баталгага коюп коюш керек… ушу сизде ойнош-пойнош деген деле болбосо керек, ээ? Философтор “Что первичное? Бытие или сознание? Жумурткабы, тоокпу?” деп эле чачыңар жыдыйыт болуш керек, ээ?.. Папамдын бир филофсоф досу бар. Сүйлөсө эле оозунан терминдер түшпөйт… апофансис… креацианизм… логоцентризм… рефлексия… модальность… софизм… гнозис… ноэзис…и.т.п.и.т.д… дейби…

— Мунун баары туура деңизчи… А, сиз менин жашым канчада экен билесизби? Билбей туруп эле…

— Бу эмне маанилүүбү?..

— Айтам да…

— Айтсаңыз мындай, угуп туруңуз… жашыңыз элүүдө, эки кыз, бир уулуңуз бар. Анан, турган турпатыңызга, шыбырап сүйлөгөнүңүзгө карганда… ажаан аялыңыз бар… аныңыз да элүүгө жетейин деп калган… Туурабы?..

— Сиз тим эле көзү ачык турбайсызбы?.. Жашым боюнча… так айттыңыз… аялымдыкы да туура… экөөбүз университетте чогуу окуганбыз…

— Таак… “любовь не картошка, не выкинешь в окошко”деңиз… И, анан? Дальше…

— үч балабыз бар… бирок үчөө тең кыз…

— О, ювелир турбайсызбы?.. Ойнош болгонго бардык жагынан акыңыз бар экен. Үч кызы бар адам, түз эле бейишке барат. Күнөөсүнүн баары жуулат. “Налево жүргөн” — деп сурак да бербейсиз… тим эле кудайдын момуну экенсиз!..

— Шылдыңдабаңыз…

— Шылдыңдаганда эмне?.. Ушу сиздин териңиз жука неме окшойсуз? Кеп айтса эле, бүргөдөй секирип ийет экенсиз… Женщина – как инспектор ГАИ; фигни наговорит, деньги отберет, настроение испортит… А ты еще виноват!.. Пардон…

— Мен деген сизден алда канча улуу кишимин…

— Оп-эй!.. Жаш жөнүндө айтканды эсимен чыгарып сала жаздапмын… “Любви все возрасты покорны”… муну ким айткан?

— …эстей албай турам…

— Пушкин!..

— Пушкин айтса… ката айтпайт…

— Гений да!.. Сизден бирдемке сурайын дедим эле…

— Сураңыз… Краныңыздын суусу жабылбай калганбы? Шаркыраган суунун үнүн угуп жатам…

— Мен сизге айтпадымбы, ваннадамын деп… энеден кандай туулсам ошондоймун… жып-жылаңач… а сиз ага ишенгиңиз келбейт… Дагы, ойнош болот имиш…

— Кечиресиз… мен антип айта элекмин биринчиден…

— Ладно. Эмне эле… актанып турасыз… Болом деп эле койбойсузбу?.. Аны айткандан да коркосуз?.. Менден эч чочулабай эле коюңуз… Нормальный кызмын… Фигурам идеальный… Кундуз деген певица ырдагандай “ Менин фигурам 90Х 60Х 90…” Отуз үч тишим ордунда… Сизден бирдемке сурайын деп жатпадым беле…

— Сураңыз, жооп бергенге аракет кылам…

— Аракет кылам деп маалкатпай… так жооп бериңиз?!.. Ойнош болосузбу?!..

— Сиздин күйөөңүз бар да…

— Де-юре… деп туруңуз… А, де-факто жок… Загска кол кое элекпиз…

— Эртеби кечпи коесуңар да… Эртең тоюңар боло турган болсо… Мен сизге бакыт, узун өмүр…

— Все!..Все!.. Хватит! Надоело!.. Ненавижу ушундай пустышка сөздөрдү… Сиз да мага нотация окуюн деп турасызбы. Я, по горло сыта!..

— …эми каалоомду айтып коюшум керекпи?..

— …сиздин каалооңузсуз деле жетишип турат…

— Де-юре күйөөңүз болот да. Күйөөңүздүн көзүнө кантип чөп салайын деп турасыз?..

— Эми бар күйөө сөрөй… “Судьба играет человеком, а, человек играет на трубе!..”

— Сөзүңүзгө карганда… кечиресиз… ачык айтсам…

— Ачык айтам дейсиз да… мажирөө немедей кечирим сурайсыз да… Шак-шак эле, болгонун болгондой эркектей айтыңызчы акыры!..

— Сиз болочок күйөөңүздү сүйөсүзбү?..

— …ммм…

— Эмнге унчукпай калдыңыз?..

— Мен азыр ваннадан чыгып алайын… кое туруңуз…

— Алоо?..

— Ии… айта бериңиз…

— Сиз болочок күйөөңүздү сүйөсүзбү?..

— Сүйгөндөргана күйөөгө чыгыш керекпи?.. Сиздин оюңузча?..

— Анан эмне?..

— Таа-аак… урматтуу философ, алдагы эшиктин тешигинен сөзүңүздү аңдып турган ажаан аялыңызды сүйүп-күйүп үйлөнгөнсүзбү?..

— Причем менин аялым?.. Сиздин логикаңызга түшүнбөй турам?!..

— Урматтуу кенже илимий кызматкер, женская логика создана для того что бы офигела мужская психика…

— Причем… менин…

— Причем притом! Жооп бериңизчи?.. Сиздин үч кызыңыз ажаан аялыңызга болгон фантастический сүйүүңүздөн төрөлдүбү?.. Бир жыныстуу балдарды печаттай бербей, жылдызды санап, эсеп менен иш кылыш керек, урматтуу мырза философ!.. Сүйгөндү эмес, турмуштун жөнөкөй эсебин да билбейсиңер!.. Сүйүү тууралуу кеп салып эмне кыласыз дейм да?!.. Сүйүп үйлөнгөнмүн деп айтып көрүңүзчү… катуураак… алдагы аялыңыз да укчудай кылып… Иии… эмне учукпай калдыңыз? А-уу!.. Философ… Мырза, кенже илимий кызматкер…

— Сиз өтө эле рамкадан чыгып бараткан жоксузбу? Тим койсо, мени таптакыр эле!..

— Ой, ачууланбаңыз…Тик…тик…тик!.. Кан басымыңыз көтөрүлүп кетет. А, деген жүрөккө зыян… Жүрөккө зыян болгондон кийин сүйүүгө да зыян… баарынан ажаан аялыңызга эле зыян…

— А, эмнеге көрбөй-этпей эле менин аялымы ажаан дейсиз?

— И-ии?.. Эмне жаныңызга келип калдыбы?.. мынчалык эле… бийик сүйлөп калдыңыз… Трубканы берип коюңузчу… Бетине карабай эле айтып салайын. “Сиз мындай философко, кенже илимий кызматкерге татыксызсыз!” деп. Бериңиз?..

— … а эбак эле уктап жатат…

— Аялыңызды ушунчалык эле защита кылып сүйлөгөнүңүзгө караганда, сиз сүйүп, күйүп үйлөнгөнсүз деп коелу… Сиз айтпадаңызбы?.. Сүйгөн адамына гана турмушка чыгыш керек деп айтып атпайсызбы, ээ?..

— Принцибинде ошондой деп ойлойм… Ошондой болуш керек…

— Браво! Беллиссимо! Бис! Мырза, философ!.. Бекеринен философторду акылдын адамдары дебейт да!..

— Философия деген сөздү… кыргызчалатканда акылды сүйүү деп айтылат да!..

— Акылды сүйүү! Не деген керемет сөз, не деген керемет кесип! Философ!.. Силер, акылды эмес, эң оболу катынды сүйүп көргүлөчү?.. Аялымды сүйөм деп ооз толтура айта албайсыз да, анан сүйүү жөнүндө кеп айтасыз? Сүйгөндөр гана үй-бүлө куруп, турмушка чыкса, ал эми сүйбөгөндөрдү кайда алып барасыз?.. Турмушка чыккан он адамдын, жетөө, кудайдан корксо мен сүйбөй эле чыгып жатам деп айтмак… Алардын бири менмин!.. Сиздин логикаңызга таянсак, анда, сүйүүгө арзыбай калган миллиондор бу дүйнөдөн кара далы болуп, таз бойдон өтүп кетиш керек экен да, урматтуу философ!.. “Бог не есть любовь. Любовь есть только одно из проявлений Бога в человеке” деген Ыйык Китептеги сөздү билесиз, да?!.. Биз, аны унутуп калбадыкпы?.. Аны эмес, биз ичибиздеги Кудайыбызды, кудайдай болгон сүйүүбүздү унутуп калбадыкпы, анан кайдагы сүйүү жөнүндө кеп кылабыз?..

— …ммм… Ал-лоо?.. Эмне ыйлап жатасызбы?..

— …кечиресиз… ичиме бук толуп кетти!.. Мен эртең күйөөгө чыгам… эртең тоюбуз болот…

— … кечиресиз… Сиз үйдө өзүңүз жалгысызбы?..

— …баары кудаларыныкына кеткен… мен жалгызмын… мен эми жашоодо да таптакыр эле жалгыз болом го… Адам жүрөгүндө сүйүүнүн жоктугу анын жалгыздыгында… Эми аргасыз… аргасызмын… аргасыз миллиондун биримин…

— … кечиресиз… Сиз менден бир нерсе сурайын дегенсиз?..

— Кечирип коюңуз… сиз мени… Мени жеңил ойлуу неме экен деп ойлобоңуз…

— Жо-жжок…таптакыр…

— Менин сизге чалганымды билесизби? Сиздин номериңиз беш жүз элүү үч… элүү сегиз… жетимиш алты…он үч да?..

— Ага…

— Биричиси беш жүз элүү үч… Ушул цифраны бири-бирине кошсо канча болот?..

— Он үч…

— …а элүү сегизчи…

— А… да он үч… жетимш алты да… он үч… акыркы цифра өзү эле он үч болуп турбайбы… баары он үч болот экен…

— Туура… сандарды санга кошсо, баары он үч чыгат. Он үч менин тагдырымдын цифрасы… Сиз “нумерология” деген илимди билесиз, да?.. Адамдын тагдыры да санга окшош, эсеби чыгат, тагдыры чыкпайт… Мен сизге, менин тагдырымдын цифрасына чалгам, бул номер кимики болсо да, ошо кишиге ичимдеги бугумду айтайын дегем… А, көрсө сиз турбайсызбы?..

— Он үчтү бактысыз сан деп айтышат. Бирок бизде антип айтпайт да. Башкаларда ошондой… Бакыт санга деле карабайт. Ишенесизби?!.. Мен жанагы төлгөө салгандарга, астрологдорго, атүгүл Вангага, Нострадамуска таптакыр ишенбейм?!..

— Кимге ишенесиз?..

— Кудайга…

— Анан?..

— Ананбы?.. Анан…

— Аялыңызга… Ишенсеңиз да, ишенбесеңиз да, ачык айта албай турасыз. Турмуш дайыма ушундай, айтайын деп эле турасың, айталбайсың… А, мен сизден айрымам, көкүрөктөгүнү жашырбайм, ачык айтам… Я – сильная женщина. Могу мусор вынести, а могу и мозг… Мендей адамдын бактысыздыгы — мына ушул ачык айтканында. Биз ачык айткан адамды сүйбөйбүз… Ичибизде кайнап жүрүп, ушу абалга келдик…

-… түн ооп калды… Эртең сиздин тоюңуз… Сизди кармаган жокмунбу?.. Азыр! Азыр!..

— … трубканы колуңуз менен жаап “Азыр!”, “Азыр!” дегениңизге дейре баары угулуп жатат… А, менин, өз тагдырымдын цифрасына бере турган көп суроом бар эле… А… сиз азыр ажаан аялыңыздан коркуп… трубканы койгону турасыз… Суранам… койбой туруңузчу…

— … азыр… азыр… Сүйлөй бериңиз угуп атам…

— Неге шыбырайсыз? Шыбырабай эле…айтыңыз…шыбырап жүрүп өмүрүңүз өтүп кеткенин билбей турасыз…

— … айта бериңиз… айта бериңиз… эртең тоюңуз да?..

— …эртен тоюм болсо, не?

— …эртең тоюңуз да… эрте жатып… эрте турсаңыз деген эле кеп да…

-… туура… эртең той, эртең күйөөгө чыгам… мени келет деп креативный кайнатам, не менее креативная кайненем, “Лексус” машине, чоң хансарай күтүп жатат… анан инфантильный күйөөм… Бакыттан башканын баары күтүп жатат…

— …азыр… азыр…

— Да!.. Шашып жатасыз…Күйөөгө сиз эмес, мен чыгып жатам да… Эмне шашып жатасыз?!.. Менин жүрөгүмдөгүнү билбей шашып жатасыз… А менин сиз менен сүйлөшкүм келген… Сиз менен бирге вино ичким келди…

— … азыр… азыр…

— Кайсы винону жакшы көрөсүз?

— Менби?.. Молдован кызыл виносун…

— Бюджетниктердин виносунбу?

— Эмне?.. Анын ушундай да аты барбы?

— Арзан да… Мен француз виносун жактырам… Кызыл винону… Менин алдымда каалаган виноңуз турат…Бордо, бургунд виносу…«Корбьер»,«Бандоль», «Беллет», «Кассис»…

— …азыр… азыр…

— Сиз алдыңызга өлүм келсе да, “азыр… азыр” деп кете берген адамдан окшойсуз!.. Бир мүнөткө, сиз менен көкүрөк жаракасын бөлүшөйүн деген адамдын арманын угуп коюуга убакыт табылбай калдыбы?.. Сиз менен тагдырынан зериккен адам сүйлөшүп жаткан жок ко, акыры?!.. А, мен тагдырымдын санынан, эч бир эсеби кошулбаган, эч бир эсеби туура чыкпаган, аялдык сезимдин суроосунан жооп күткүм келди… Дүйнө мерес дейбиз, дүйнөнү мерес кылган ким, биз өзүбүз!.. Анткени, биз, өзүбүздүн адамдык сезимибизди өзүбүз, мереске айлантып алганбыз. Ким бактылуу бу дүйнөдө?!.. Кызымды эртерээк жакшы жерге берсем деген апамбы?.. Эптеп тынып калса деген атамбы?.. Адамдын сезимин кызгалдактын үлбүрөгүндөй тепселеген креативный кайнатабы? Же, креативная кайненеби?.. “Моя невеста клевая девушка” деген, башы туман күйөөмбү?.. Ким?.. Эч ким!..

-…турмуш өзү ушундай…

-…турмушту ушундай кылган, биз өзүбүз! Анын ичинде сиз да барсыз! Акылды сүйгөн философ, акылды эмес, турмушту сүйүш керек, турмушту сүйгөндө гана акыл сага өзү келет! А, сиз эчтекени, эч кимди, жадесе ажаан аялын сүйө албаган, мажирөө бир кур пендесиз!.. Силердей адам менен сүйлөшкөнүмө, силердей адамдан акыл сурап, жалгыздыгымды унутам дегениме, жиркенем… Сиз сүйлөшкөнгө да татыксыз, суу жүрөк адамсыз!.. Силер бу жашоону өзүңөрдөй мажирөө кылып салдыңар! Бу дүйнөгө силердей адамдар толуп кетти!.. Силер адамдык жашоонун маңызы сүйүүдө экендигин да билбей калдыңар… Трубканы коюңуз! Коюңуз дейм!.. Канча эрте койсоңуз, ошончо жакшы! Коюңуз трубканы!..

-Алоо!.. Алоо!.. Алоо!…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *