Султан Садыралиев — Адамга адам керек тексти

Көчүрүү (скачать)

Кыргыз эстрада жылдыздары

Бул күндор да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда өзүм деген.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда өзүм деген.

Кайырма
Бул сыноолор өтөт кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндо адамга адам керек.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндо адамга адам керек.

Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген.
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.

Кайырма

Күндон дагы суудан дагы,
Эң кымбат адамга адам керек.

Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али улай турган.
Жене алсын деп адамзатты,
Сыноолорду кудай сунган.
Жене алсын деп адамзатты,
Сыноолорду аллах сунган.

Кайырма

Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндөр бирге өтөт,
Таянып элдеги уул-кызына.
Ынтымакта жеңе турган,
Кайрат бер сабыр бер кыргызыма.

Кайырма

Адам деген көпүрө турмушуна,
Адам деген жөлөк да курбусуна.
Күч бар кезде биригип бир муштумга,
Курсак экен көпүрө кыргызыма.
Сен өлбөйсүң артыңда изин калса,
Сен жашайсың тарыхта ишиң калса,
Ташты талкан кыла бер сапарыңда,
Темир кессең мокобос мизиң барда.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31055
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти534
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти275
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти173
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти140
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100

Один комментарий к “Султан Садыралиев — Адамга адам керек тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.