Сырымды айткым келип жүрөт өзүңдү сүйдүм деп,
Жолукканда сыр бербей неге жылмайдың эркелеп?
Жаркыраса маанайың мага, бактылуумун анда,
Келчи, сүйгөнүм, кел жымыңдап махабат таңында,
Чын сүйүүнүн шаңына.
Кайырма:
Бактылуумун жанымда
Өзүң болсоң дайым.
Махабат таңында,
Сүйүүмдү айтайын.
Жүрөктөгү сүйүүмдү,
Обон кошкон сөзүмдү,
Ырымды арнайын.
Гүл терип сага келем бүгүн, тосолу кадыр түн,
Сырыбыздын айтылбай келген чечели түйүнүн.
Махабаттын майрамын тосуп, дайым бирге болуп,
Кызыгына баталы өмүрдүн, сүйүүбүз өчпөсүн,
Түбөлүккө гүлдөсүн…
Кайырма:
Султан Садыралиев — Арноо тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 760