Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Каректеги сенин элесиң,
Сүйүүнүн тартып желесин.
Жүрөккө нурун себесиң, күнүм.
Көздөрүң сенин карагат,
Көңүлүмдү эзип жаралап
Оюмду бүтүн аралап, гүлүм.
Жашоомдо жалгыз ханзаадам,
Ишенчи сенсиң садагам, сүйүктүүм.
Кетпе жанымдан,
Эстеп сагынам,
Элесиңди жылуу жылдыз тагынган.
Сага багынам,
Сага жалынам
Жок кетпе жанымдан
Маралдай сенин басканың,
Магдыратпай сырың ачамын.
Сүйлөсөм сүрдөп качпагын айым.
Булактай шыңгыр күлгөнүң
Саган алып бакыт күндөрүн
Сунсам дейм сүйүү гүлдөрүн, дайым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *