Султан Садыралиев — Күнөөмдү кечир, Алла тексти

Көчүрүү (скачать)

Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1619
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти274
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти117
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти108
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.